У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Сокулукта адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды


 Сокулук районунда таанышын өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
 
Такталган маалымат боюнча, 9-августта Ш.М милицияга арыз менен кайрылып, 38 жаштагы инисин табууга жардам сураган. Иниси 6 -августта таанышына барып, кайра кайтып келген эмес. Анын жанында 750 миң сомго жакын акчасы болгон.
 
Бул факт Кылмыштардын жана Жоруктардын бирдиктүү реестерине катталган. Милиция дайынсыз жоголгон адамдын мал сатып алып, кайра сатып жүргөнүн аныктады. Шектүү кармалды. Ал адам өлтүргөнүн мойнуна алган.
 
«Шектүү маркумга карыз болгон. Алар окуяга болгон күнү жолугушуп, карыз үчүн уруша кетишкен. Шектүү маркумду таш менен башка урган, ал ошол жерден каза болгон. Кылмыштын изин жашыруу үчүн шектүү сөөктү машинасына салып, каналдын жээгине көмгөн. Андан кийин машинаны камыштын арасына айдап барып өрттөп, телефону менен жанындагы бычакты Ат-Башы каналына ыргыткан», -деп айтылат маалыматында.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter