У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Аламүдүн районунда чоң атасын өлтүрүүгө шектелип небереси кармалды


Аламүдүн районунда адам өлтүрүүгө шектелип 18 жаштагы К.С кармалган.Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
 
Маалыматка ылайык, буга чейин милицияга Ленин айылынын 70 жаштагы тургуну К.Анын дайынсыз болуп жатканы кабарланган. Иликтөө иштеринин жыйынтыгы менен К. Анын киши колду болуп каза болгону аныкталган. 
 
Алдын ала маалыматтарга караганда, 2021-жылы 5-мартта кечинде 18 жаштагы небереси менен чоң атасынын ортосунда жаңжал чыгып, анын натыйжасында небере карыган чоң атасын уруп, ал жыгылып эсин жоготуп жыгылганда 18 жаштагы шектүү аны балка менен башка чаап өлтүргөн. 
 
Кылмышты жашыруу үчүн, ал сөөктү багажникке жүктөп, андан соӊ Аламүдүн районундагы айылдардын бирине алып барып, сөөктү камыштын арасына сууга ыргытып жиберген. Унааны жууп-тазалап, ошол эле айылдын жанына таштап кеткен.
 
Бул факт Кылмыштар жана жооруктардын бирдиктүү реестерине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголду. Тиешелүү экспертиза дайындалды.
Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter