У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Чүйдөн жоголгон 17 жаштагы кыз Оштон табылды


 4-августтан бери дайынсыз болуп жаткан 17 жаштагы кыз Оштон табылды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
 
Такталгандай, кыз кечээ Ош шаарындагы ижарага алынган батирден табылган. Ал жигити менен болгон.
 
"Бүгүн кыз менен анын 25 жаштагы жигити А.А., иштин жагдайларын тактоо үчүн Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилди",-деп билдиришти ШИИБден.
 
Жашы жете элек балдардын үйдөн чыгып кетүү фактыларынын көбөйүшүнө байланыштуу Чүй ОИИБи жарандарды жашы жете элек балдарын дайыма көзөмөлгө алуу зарылдыгын эскертет.
 
Эске салсак, 17 жаштагы Саида Исмаилова 4-августтан бери дайынсыз болуп жаткан. Ал Новопавловка айылындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter