У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Чүйдө атасын сабап өлтүргөн жаран милицияга өзү келди


 Москва районунда атасын сабап өлтүргөн деп шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
 
Анын айтымында, 12-августта кылмышка шектүү 30 жаштагы Москва районунун Москва районунун ички иштер башкармалыгына келип, атасын сабаганын, ал алган жараатынан улам каза болгонун айткан.
 
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси "Ден соолукка олуттуу зыян келтирүү" боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Керектүү соттук -медициналык экспертизалар дайындалды.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter