У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ошто өз жанын кыюуга аракет кылган кыз куткарылды


Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Патрулдук милиция кызматынын кызматкерлери 5 -кабаттан секирип өз жанын кыюуга аракет кылган кызды куткарып калышты. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.
 
Анын айтымында, кечээ, 9-августта саат 04:10 чамасында 102 кызматына Ош шаарындагы Космонавт паркынын маңдайындагы көп кабаттуу үйдүн 5-кабатынан секирүүгө аракет кылган кыз тууралуу билдирүү түшкөн. Патрулдук милиция кызматынын жакынкы экипажы окуя болгон жерге дароо жөнөп кетишти. Окуя болгон жерге келгенде, алар терезенин четинде турган кызды көрүшкөн.
 
«Алар кошуналары менен 5 -кабатка чыгып, батирдин эшигин ачып, кызды куткарып калышкан. Андан кийин окуянын себептерин изилдөө үчүн аны тергөө кызматына өткөрүп беришкен. Кыз эмне үчүн мындай кадамга баргандыгы азырынча белгисиз", - деп айтылат билдирүүдө.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter