Жалал-Абад облусунда 6 айдын ичинде 1 жашка чейинки 164 ымыркай чарчап калган.
Ымыркайлардын өлүмүнүн кескин өсүшүнө байланыштуу координациялык комиссиянын жыйыны өткөрүлүп, жыйында ымыркайлардын чарчап калуусунун себептери айтылган.
Маалыматка ылайык, акыркы алты айдын ичинде төрөт үйлөрүндө 95, ооруканада 58, үйлөрдө 11 бала чарчап калган.
Ымыркайлардын чарчап калуусуна эӊ биринчи кезекте перинаталдык оорулар, экинчи тубаса кемтик оорулары, үчүнчү дем алуу органдары себеп болуп жатканы айтылды.