У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Алтын Качикеева, медайым: «Кызыл зонага биринчи киргенде аба жетпей аябай кыйналгам»


Пандемия башталгандан бери адамдардын ден соолугуна кам көрүп, оору менен күрөшүп келе жаткан медайым Алтын Качикеева менен баарлаштык. Чынында бул вирус менен күрөшүүдө медайымдардын эмгеги ат көтөргүс болду десек болот. Бейтаптарга кам көрүп, алардын ийнесин сайып, дарысын берген дал ушул медайымдар экени чындык. 
- Бир жылдан бери коронавирус илдети менен күрөшүп жатасыздар, медкызматкерлер үчүн ушул жылдар абдан оор болду окшойт?
-Ооба, бир жыл убакыт баарыбыз үчүн эӊ оор жылдардан болду. Өзгөчө өткөн жылдын июнь-июль айларындагы оор жоготуулар ар бирибиздин эсибизде калды окшойт. Мындай нерсеге даяр болбогон, бул кезге чейин чоӊ жоготууну башыбыздан өткөрбөгөн биз үчүн ал күндөр чынында эле кыйын болду. Адамдар ооруп, өлүм көп катталып, ар бир жаран өз жанын сактап калууга аракет кылып жатканда медицина кызматкерлери өзүн эмес, оор абалда ооруп ооруканага келген, өмүрүн сактап калууга жардам сурап кайрылгандардын ден соолугу үчүн күрөшүп, ажал менен арбашып жатты. Ошол учур кыргыз медицинасынын абалын, даярдыгын көрсөттү. Чындыгында, биз үчүн эӊ оор болду…
- Азыр да кызыл зонада иштеп жатасызбы. Ооругандар азайып калдыбы. Бул жолу оору оор өтүп жатабы?
- Биз 14 күн кызыл зонада иштеп, 14 күн обсервацияда болобуз. Азыр мен обсервациядамын. Биз иштеп жаткан учурда ооругандар көп болду. Оору азая элек. Ошондуктан дагы да болсо санитардык эрежелерди сактап, беткап тагынып, өзүбүздү коргошубуз керек. Ал эми оорунун өтүшү өткөн жылдагыдай эле, жеӊил, оор, өтө оор формасы менен ооругандар да бар. 
- Кызыл зонада иштегенден корккон жоксузбу?
- Биринчи киргенде аба жетпей,жүрөгүм дүкүлдөп аябай кыйналгам. Кызыл зонада иштеген башка кыздарга айтсам башында ушундай болот дешти. Андан кийин көнүп кеттик. Бирок коргоочу кийимдерден аябай кыйналдык. Ысыктын күнүндө аба өтпөгөн кийимдер менен иштөө оор эле болду. 
- Бейтаптарга жардам бере албай калган учурлар болдубу?
- Оор абалда келген бейтаптарга жардам берген күнү ошол жардамыбыздан жыйынтык чыкпай оорлошкондор болот. Аларды өз убагында реанимацияга которобуз, жасалма дем алдыруучу аппараттарга кошобуз. Бирок ошого карабай кээде айрым бейтаптарды сактап кала албай калабыз. Андайда жүрөгүбүз ооруйт, бир канча убакытка чейин жаман абалда жүрөбүз. Айла жок, ажалга арачы боло албай калган учурлар да кездешет экен…


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter