У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Парламент аскер кызматкерлеринин пенсияга чыгуу курагын жогорулатууну сунуштады

 
Жогорку Кеңеш аскер кызматкерлеринин пенсияга чыгуу курагын 43 жаштан 45 жашка чейин көтөрүүнү сунуштады. Парламенттин жыйынында вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев "Кыргыз Республикасынын жарандарын жалпыга бирдей аскерге чакыруу жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" мыйзамга тийиштүү түзөтүүлөрдү киргизүү керек деди.
 
Коргоо министринин биринчи орун басары Нурлан Кирешеевдин айтымында, министрлик депутаттын демилгесине каршы.
 
«Бизде 2 миң 3 офицер бар, алардын 1 миң 767си жаштар. Подполковник наамы 36-37 жаш курагында алынат. Эгер сиз бул долбоорду кабыл алсаңыз, анда улгайган офицерлер узак убакытка чейин кызматта отуруп калса, жаш кадрлар өсүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болбой калуу коркунучу бар. Бизде кадрлардын токтоп калуусу болот. Ал эми бул жаш кесипкөй кадрлардын иштен кетишине алып келиши мүмкүн», - деди ал.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter