Бишкекте жол эрежесин бузгандарга каршы рейд жүрөт
- 29.07.2021, 16:00,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бишкек шаардык милициясынын кайгуул кызмат башкармалыгы Бишкек шаарында жол эрежесин бузгандарга карата рейд жүргүзүлөрүн билдирди. Рейд учурунда эӊ алгач мас абалында унаа башкарган айдоочуларды аныктоо иштери жүрөт. Иш-чара бир канча күнгө созулат.
Маалыматка ылайык, жарым жыл ичинде Бишкек шаарында 1 291 жол кырсыгы катталган. Алты айдагы кырсыктан 1 643 адам жаракат алган.
«Жол кырсыгынын көп катталып жатканына айдоочулардын унааны айдоо маданиятынын жоктугу жана жол эрежелери сакталбаганы себеп болууда»,- дейт башкармалык.