Жалал-Абадда жоголгон 19 жаштагы Айжамал Паизова Ош шаарынан табылды
- 29.07.2021, 16:59,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Жалал-Абад облусунда дайынсыз жоголгон 19 жаштагы Айжамал Паизова табылды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Белгилей кетсек, буга чейин кыздын туугандары жана күйөөсү 21-июль күнү саат 5.00дө Айжамал Сафаровка айылындагы үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын милицияга кабарлашкан. Кийин белгилүү болгондой, жубайлар уруша кетишкен.
Айжамал Паизова бүгүн Ош шаарында табылды. Ал жолдошуна таарынып Оштогу курбусунун үйүнө кетип калган.