У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Сузакта эки аял алып, той берген кишинин кылмыш иши кыскартылды


Сузак районунда биринчи жубайы менен ажырашпай туруп, экинчи аял алып, той берген адамга козголгон кылмыш иши кыскартылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады. 
 
Маалыматка ылайык, тергөөнүн жүрүшүндө Жазык кодексинин «Эки жана андан көп аял алуу» беренесинде каралган кылмыштын курамы аныкталган эмес. Анткени экинчи аялын алып той өткөргөн адамдын эки аялы эки башка даректе жашай турганы белгилүү болгон. Натыйжада иш өндүрүштөн кыскартылган.
 
Эске салсак, июнь айында Сузак районун тургуну биринчи аялы менен ажырашпай туруп, экинчи аял алып той бергени, тойго биринчи аялы балдары менен келип аларды куттуктаганы туурасында видео соцтармактарга тарап, коомчулуктун сынын жараткан эле.   
 
Бул фактыны милиция Жазык кодексинин “Эки жана андан көп аял алуу” беренеси менен каттаган. Кыргызстанда көп аял алууга мыйзамда тыюу салынган. 



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter