Сузакта экинчи аял алып, той берген жаранга кылмыш иши козголду-видео
- 11.06.2021, 16:36,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда экинчи аял алып, той берген жаранга кылмыш иш козголду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, экинчи жолу үйлөнүп жаткан Сузактын тургуну мыйзамдуу жубайы менен ажырашпай туруп, экинчи аял алган. Алардын тоюнда биринчи келинчеги жана балдары аларды куттуктаган видео интернетке тараган.
Бул факты Жазык кодексинин 179-беренеси («Эки жана андан көп аял алуу») менен катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган. Кыргызстанда көп аял алууга тыюу салынган.