У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


ИИМ: "Милиция кызматкери сойкуларды ташып жүргөн" деген маалыматты чыгарган сайттар жазаланат



Кечээ, 1-апрелде "Милиция кызматкери сойкуларды ташып жүргөн" деген маалымат тарап, учурда кызуу талкууга алынып жаткан убагы.
Ички иштер министрлиги аталган маалымат чындыкка дал келбестигин айтып чыкты. Мекеменин басма сөз кызматы 2-апрелде билдиргенине караганда, Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерин машинасы менен шаар ичинде кетип баратканда кайгуул кызматы токтоткон. Учурда ал коменданттык сааттын талаптарын бузгандыгы үчүн кызматтык иликтөө жүрүп жатат.

ИИМ "Айрым бир сайттарда жарыяланган милиция кызматкери сойкуларды ташып жүргөн деген жалган маалымат" деп билдирди.
Ошону менен катар министрлик элди жалган маалымат таратпоого чакырып, "чагымчыл жана башка жалган материалдарды таратуу үчүн мыйзамга ылайык жоопкерчилик каралганын"
эскертти.




Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter