У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ошто изделип жаткан 2,5 жашар кызды ээрчитип кеткен жаран кармалды


Ош шаарында изделип жаткан 2,5 жашар кызды ээрчитип кеткен киши кармалды.  Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
 
Маалыматка ылайык, 2-июлда Ош шаардык ички иштер бөлүмүнө Ош шаарынын тургуну 2, 5 жашар кызы жоголуп кеткендиги тууралуу арыз менен кайрылган. Жазылган арыздын негизинде милиция кызматкерлери издөө иштерин баштаган. 
 
Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, видеокамераларды карап чыгышкан. Камерадан жоголгон кызды болжол менен 35-40 жаштар чамасындагы азият улутундагы эркек киши алдап ээрчитип баратканын аныкташкан.
 
Бул факт Ош ШИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестирине Жазык кодексинин 170-беренеси (Киши урдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
 
Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында эки жарым жашар кыз Ак-Буура милиция бөлүмүнүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан аман-эсен табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилген.
 
Кызга тийиштүү экспертизалар дайындалган. 
 
Кызды ээрчитип кеткен кишинин өздүгү аныкталды. Ал Ош облусунун Алай районунун 1983-жылы туулган Ч.А атту тургуну болуп чыкты. 
 
Кылмышка шектүү катары кармалган Ч.А. Ош шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter