Министр: Президентке азырынча вакцина алуунун зарылчылыгы жок
- 30.06.2021, 16:07,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Президент Садыр Жапаровго коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүнүн азырынча кажети жок. Бул тууралуу “АКИpress” агенттигине Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
«Мен президентке керек болгондо эмдөөдөн өтүүнү сунуш кылам. Биз президентти текшерип жатабыз, мамлекет башчысы COVIDге каршы антителолорго ээ. Анын көрсөткүчтөрү 3кө жетпей калса, мен дароо вакцина алууну сунуштайм », - деди Бейшеналиев.
Буга чейин министр президент антителолору жогору болгондуктан, эмдөөдөн өтпөгөнүн айткан.