У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Замир Ракиев муфтий болуп шайланды


Бүгүн 26-июнда Бишкекте өтүп жаткан өлкө мусулмандарынын жетинчи курултайына катышкан 220 делегат бир добуштан Бишкек шаарынын казысы Замир Ракиевди Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы - муфтий кылып шайлашты.

Ал эми борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы болуп Бактыбек Нурдинов шайланды. Ушул эле күнү Аалымдар кеңешинин курамы да жаңыланды.

Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасынын кызмат ордуна 14, муфтийликке тогуз талапкер катталган. Ал эми Аалымдар кеңешине мүчө болууга 61 киши арыз берген.

Быйыл 10-февралда УКМК мурдагы муфтий Максатбек Токтомушевди башкармалыктагы мыйзамсыз финансылык иштер боюнча козголгон кылмыш ишине шектүү катары кармаган. Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 12-февралда жашаган жеринен башка аймакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон. 

43 жаштагы Замир Ракиев Нарын облусунун Кочкор районда туулган. Египетте "Университетке даярдоо курсу" жана "Дин негиздери" багыты боюнча билим алган. Бишкек гуманитардык университетинен "Чыгыш таануу" адистигинде окуган. Эмгек жолун Чүйдөгү медресенин мугалиминен баштап, Нарын облусунун казысы, муфтийдин орун басары кызматын аркалаган. 2020-жылдан тартып Бишкек шаарынын казысы болуп иштеп жаткан.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter