Бишкек шаарынын казысы болуп Замир Ракиев дайындалды
- 11.08.2020, 11:47,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бишкек шаарынын казысы болуп Замир Ракиев дайындалды. Ал тууралуу буйрукка муфтий Максатбек Токтомушев кол койгон.
Замир Ракиев 1978-жылы Нарындагы Кочкор районунун Шамшы айылында төрөлгөн. Ал Бишкек шаарында, Египетте жана Каирде билим алган. Аламүдүн районундагы медреседе окутуучу, кийин директор, ошондой эле Нарын облусунун казысы, 2017-жылдан бери өлкөнүн муфтийинин орун басары болуп эмгектенди.Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.
Бишкектин мурунку казысы Садриддин Маджитов (кант диабет оорусунан жабыркаган) быйыл 10-июлда көз жумган.