У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Тажикстанда 18 жаштан жогорку курактагы жарандардын баары эмдөөдөн өтөт


Тажикстандын Саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык коргоо министрлиги Дүйшөмбү шаарында 18 жаштан жогорку курактагы бардык адамдар эмделе тургандыгын жарыялады. Чечим "жаңы коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу максатында" кабыл алынды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты. 

25-июнда Тажикстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги борбордун 18 жаштан жогорку курактагы жашоочуларын коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырды.

23-июнда Дүйшөмбү шаарынын мэри Рустам Эмомали борбор калаанын саламаттыкты сактоо түзүмдөрүнө борбор калаанын жашоочуларын COVID-19га каршы толук эмдөө кампаниясын күчөтүүнү, ал эми тиешелүү структураларга  сырттан келген жарандарды карантинге алуу боюнча практикалык чараларды көрүүнү тапшырды. 




Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter