Ала –Тоо конушундагы бейтапканада антибиотиктен бир киши каза болду
- 23.06.2021, 14:59,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бишкектиин Ала-Тоо конушундагы бейтапканада (Ленин районунун Бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун филиалы) бир адам антибиотик алгандан кийин каза болду. Шаардык саламаттыкты сактоо департаментинин башчысы Бактыгүл Исмаилова бул маалыматты тастыктады.
Анын айтканына караганда, маркум бейтапканага 16-июнда ийне сайдыруу үчүн барган. Ал цефтриаксон антибиотигин алган. Маркум цефтриаксонду мурда да алып жүргөн.
«Маркум 16-июнда дарысын алып бейтапканага келген. Дарыгерлер алгач маркумдун антибиотикке аллергиясы бар жок экенин текшерип, андан кийин ийне сайышкан. Бир аздан соң ал өзүн жаман сезип баштаган, дарыгерлер бейтапка бардык керектүү жардамды көрсөтүшкөн жана дароо милиция чакырышкан», - деди Бактыгүл Исмаилова.
Маркумдун аялынын айтканына караганда, алар цефтриаксонду Ош базарындагы контейнерден сатып алышкан. Сатылып алынган калган апмулалар экспертизага берилген.
Милиция кызматкерлери Ош базарындагы дары саткан жайга жөнөп кеткен. Бейтаптын үйүнөн да дары табылган. Анын баары экспертизага жөнөтүлгөн.
Сөөккө кароо жүргүзүлүп, соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы кийинчерээк белгилүү болот.