Түнкү 23-00го чейин иштейт. Бишкектеги студенттердин бейтапканасында ковидке каршы эмдөө пункту ачылды
- 20.05.2021, 11:41,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бишкектеги студенттердин бейтапканасында коронавирус оорусунан эмдөө боюнча кошумча пункт ачылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Аталган поликлиника Рыскулов көчөсү, 8 дареги боюнча жайгашкан. Вакцина сайдырчулар саат 15:00дөн 23:00гө чейин баруусу керек. Суроолор боюнча 0(312) 66 52 63 номерине чалууга болот.Шаар бийлиги Бишкекте эпидемиологиялык абал жакшырбай жатканын, оорудан сактануунун натыйжалуу жолу вакцина алуу экенин белгиледи.
Эмдөө тууралуу суроолор боюнча 313297 тынымсыз линиясына же Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна 0708 521 710, 54 65 21 жана 54 61 04 номерлери аркылуу байланышууга болот.
Буга чейин төмөнкү жактарда вакцина сайылчу:- Ленин райондук бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борбору — 64-45-57, 0 (505) 11-13-30;
- Биринчи май райондук бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борбору — 32-55-71, 0 (550) 70-10-02;
- Свердлов райондук бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борбору — 63-51-22, 0 (505) 28-66-70;
- Октябрь райондук бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борбору — 57-09-15, 0 (703) 29-37-93;
- Свердлов районунун № 4 үй-бүлөлүк медицина борбору — 0 (709) 82-83-14;
- Свердлов районунун № 8 үй-бүлөлүк медицина борбору — 0 (551) 11-77-44;
- Свердлов районунун № 9 үй-бүлөлүк медицина борбору — 0 (778) 37-66-62;
- Биринчи май райондук № 14 үй-бүлөлүк медицина борбору — 0 (500) 00-82-08;
- Биринчи май райондук № 16 үй-бүлөлүк медицина борбору — 0 (550) 65-11-70;
- Октябрь райондук № 15 үй-бүлөлүк медицина борбору — 0 (703) 21-04-76;
- Октябрь райондук № 19 Үй-бүлөлүк медицина борбору — 0 (709) 65-55-40;
- Ленин райондук № 2 үй-бүлөлүк медицина борбору — 64-45-57; 0 (505) 11-13-30;
- Калыс-Ордо конушундагы амбулатория — 0 (550) 50-08-45;
- Учкун конушундагы амбулатория — 0 (505) 28-66-70;
- Кара-Жыгач конушундагы амбулатория — 0 (551) 11-77-44;
- Ак-Бата конушундагы амбулатория — 0 (500) 00-82-08;
- Темир жол ооруканасынын бейтапканасы — 0 (773) 26-12-50.