У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жайында Кыргызстанда коронавирустан каза болгондордун саны өсүшү мүмкүн


Окумуштуулардын тобу 2021-жылдын 1-июнунан 31-августуна чейин дүйнө жүзүндөгү өлкөлөрдө  COVID-19дун кесепетинен катала турган өлүмдүн көрсөткүчүн изилдешкен. Ага ылайык, Кыргызстанда  коронавирустан каза болгондордун саны көп болушу мүмкүн экени айтылды. Изилдөөнүн жыйынтыгы менен Кыргызстанда 100 миң адамдын ичинен 256дан 512ге чейин адам каза болушу божомолдонду.

 Изилдөө июнь айында «The Lancet» журналына жарыяланган.
Баалоо моделинде эксперттер ар бир өлкөгө жеткирилген коронавируска каршы вакцинанын көлөмүн, ал вакциналардын коронавирустун SARS-CoV-2 түрүнө каршы эффективдүүлүгүн, ар бир өлкөдөгү калктын вакцинага болгон ишенбөөчүлүк сезимин, баалоого алынган өлкөлөрдө жайылып жаткан коронавирустун штаммдарынын кандай ылдамдыкта жуга турганын жана алардын иммунитетти «жеңип» кете турган күчүн эске алышкан.

Бул баалоо модели дүйнөдөгү бардык өлкөлөргө караганда Кыргызстанда коронавирустан каза болгондор көп каттала турганын көрсөттү.

Кыргызстанда учурда калктын 1,5% гана эмдөөдөн өтүштү. Калкты толук вакцина менен камсыздоодо кыйынчылыктар бар. Эмдөөдөн өткөндөрдүн көпчүлүгү Кытай жана Россиядан жардам иретинде жиберилген вакциналарды алышкан. 

Азыркыга чейин Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун «COVAX» программасы боюнча бериле турчу вакцина келе элек. Бул программа аркылуу Кыргызстан жалпы калкынын 20 пайызын эмдей алмак.

Окумуштуулардын изилдөөсүнө ылайык, эгер 2021-жылдын жай айынын акырына чейин Кыргызстанда абал ушул бойдон калса, коронавирустан 16 800дөн 33 700гө чейин адам каза болушу мүмкүн.




Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter