Лондондо катталган коронавирустун жаңы жугуштуу түрү дүйнөнүн 41 өлкөсүнө жетти
- 06.01.2021, 09:43,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Коронавирус инфекциясынын жаңы жугуштуу түрү дүйнөнүн 41 өлкөсүнө жетти. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна (ДССУ) таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, мындай көрсөткүч 5-январга карата белгиленген. Учурда вирустун жаңы түрү дагы да жайылып жатат. Вирус эң биринчи Улуу Британиянын борбору Лондон шаарында катталган. Улуу Британиянын бийлиги өлкөдө аныкталган коронавирустун жаңы түрү 70 пайызга көп жугуштуу болушу мүмкүн экендигин жарыя кылган.