У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бүгүн Өзбекстандан келген автобустар линияга чыкты, бир жума бою акысыз ташыйт


Бүгүн, 22-июнда Бишкекте коңшу Өзбекстандын өндүрүшүндөгү япон ISUZU брендинин 50 газ менен жүрүүчү экологиялык автобустары линияга чыкты. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, автобустардын узундугу 6,9 метр, эки эшиги бар, жүргүнчүлөрдүн сыйымдуулугу - 38 адам, 16 орундуу.
Бишкек шаардык мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгы жаңы автобустардын каттам схемаларын иштеп чыкты. Эми Өзбекстандын өндүрүшүндөгү жаңы автобустар төмөнкү схемалар боюнча жүрөт:
- №10: Ак-Ордо конушу - айланма жол;
- №11: Ак-Ордо конушу - айланма жол;
- №12: Маевка айылы - Көк-Жар айылы;
- №13: Муромская көчөсү - Кырман конушу;
- №14: 12 кичи район - Ак-Ордо конушу.
Аталган автобустар бир апта бою жүргүнчүлөрдү акысыз ташыйт. Бул акция шаардыктар жана борбор калаанын коноктору үчүн белек.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter