У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкекке газ менен жүрө турган автобус алынып келинет


 Бишкек шаарына 350 газ менен журо турган автобустар келет. Бул тууралуу борбор калаанын муниципалитетинин басма сөз кызматы билдирди.
 
Анын айтымында, бүгүн шаардык транспорт башкармалыгынын башчысы Эмил Ункуев менен «Эко жүргүнчүлөрдү ташуу» ишканасынын директору Капар Усубаматов кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.
 
Ага ылайык, «Эко жүргүнчүлөрдү ташуу» компаниясы бир жылдын ичинде газ менен жүрө турган жапониялык «ISUZU» маркасындагы Өзбекстандын 350 экологиялык автобустарын жеткирип берүүгө милдеттенет деп айтылат. Автобустардын биринчи партиясы 2021-жылдын 1-июлуна чейин каттамадарга   чыга баштайт деп болжолдонууда.
 
2022-2023-жылдар аралыгында компания газ менен жүрүүчү автобустардын санын 1000ге жеткирүүнү пландаштырууда. 
 
Муниципалитет транспорттун баасын, аны сатып алуу шарттарын атаган жок, алар келишим даяр болгондо маалымат беришээрин белгиледи.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter