У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Өзгөндө жашы жете элек өспүрүм 18 жаштагы жаранга ок чыгарып, ал каза болду


 Өзгөн районунда 18 жаштагы Ж.уулу А.ны 17 жаштагы өспүрүм атып өлтүрдү. Бул тууралуу Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Окуя Досмат-Ата аймагында болгон деп такталды. Маркум менен шектүүнүн ортосунда оозеки мушташ болуп, бири экинчисине мылтык аттырган.

Маалыматка ылайык, милицияга окуя тууралуу билдирүү 18-июнь күнү саат 15.40та келип түшкөн. Маркум менен шектүү чөп чабууда жолуккан. Жаштардын ортосунда пикир келишпестик жаралып, бири экинчисине ок чыгарган. 

18 жаштагы маркумга ок чыгарган 17 жаштагы шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Соттук-медициналык жана баллистикалык экспертизалар дайындалган. 

Факты ЖКБРине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүү" беренеси боюнча катталган.

















Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter