У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Индия вакцина бербей турган болду. Кыргызстан эми Түштүк Кореядан вакцина күтүүдө


     
Кыргызстан эми Түштүк Кореядан AstraZeneca вакцинасын күтүп жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат каражаттарына билдирди.

Анын айтымында, бул вакцина биздин өлкөгө бир ай мурун келиши керек болчу. 

«Индиядагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу алар бизге вакцина берүүдөн баш тартышты. Азыр биз Түштүк Корея менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз, аларга COVAX аркылуу жетиштик. Келишим түзүлдү. Алар вакцинаны жакынкы күндөрү алып келүүнү убада кылышууда. Так датасы азырынча белгисиз”, - деди Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы.




Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter