Мечитке курал менен кирип барып, 2 жолу ок чыгарган бейбаш адам үй камагына чыгып кетти
- 19.06.2021, 17:32,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Чүй облусундагы мечиттердин бирине куралчан кирип барып, намазщ окуп жаткандарды коркуткан жаран үй камагына чыкты.
Облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлагандай, 63 жаштагы жергиликтүү тургун 15-июнда мечитте сыйынып отургандарды тапача коркуткан. Күбөлөр ал мас экенин айтышкан.
Милиция шектүүнү кармаганда, жанынан травматикалык курал жана ок табылган. Анын үстүнөн Кылмыш кодексинин "Бейбаштык" беренеси менен иш козголгон. Сот анын бөгөт чарасын карап, мечитке кирип 2 жолу ок чыгарганына карабай үй камагына чыгарган.