У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


16 жаштагы кызды коркутуп акча талап кылган жаран кармалды

 
Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 16 жаштагы кызды коркутуп, акча талап кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
 
Маалыматка ылайык, Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнө 1978-жылы туулган А.Д. аттуу жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Ал 2020-жылдын декабрь айынан баштап 16 жаштагы кызын Базар-Коргон районунун 21 жаштагы тургуну “жылаңач сүрөттөрүңдү интернетке чыгарып жиберем” деп коркутуп, акча талап кылган жаранга мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган. 
 
Анын айтканына караганда акча талап кылган жаран кыздын үйүндө турган 300 миң сомдук алтын буюмдарын алып чыгып саттырган. 
 
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. 
 
Жүргүзүлгөн ыкчам иштердин натыйжасында шектүү катары 2000-жылы туулган К.Б. аттуу жаран кармалган. Ал күнөөсүн моюнга алып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бирок, Ноокен райондук соту шектүүнү үй камагына чыгарган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter