Марипов: "ТЭЦти газга өткөрө албайбыз, баасы көмүр менен иштегенге караганда 9 эсе кымбат болот экен"
- 18.06.2021, 10:37,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бишкек ТЭЦин газга өткөрүү боюнча "Газпром" ишканасы сунуштаган бааны мамлекет көтөрө албайт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов 17-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Газпром" ишканасы бааны 175 доллар деп сунуштап жатат. Мындай бааны өлкө экономикасы көтөрө албайт. Жок дегенде 1000 кубметрге 100 доллар болсо жетмек. Ишкана сунуштаган газдын баасы көмүр менен иштегенге караганда 9 эсе кымбат болуп калат экен", — деди Марипов.
Министрлер кабинетинин төрагасы Кыргызстан газды Түркмөнстандан алышы мүмкүн экенин айтып, бул боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын кошумчалады.
Эске салсак, 2020-жылдын соңунда ошол учурдагы премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков Бишкекти каптаган ыштан улам ТЭЦи газга өткөрүүнү сунуштаган.