СOVID-19: Бишкек шаарында жаңы чектөөлөр башталды
- 17.06.2021, 11:15,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдын күчөп жатканына байланыштуу 17-июндан тарта Бишкек шаарында жаңы чектөөлөр башталат. Мындай чечим кечээ,16-июнда эпидемиологиялык жана эпизоотиялык абалы боюнча комиссиянын отурумунда кабыл алынган.
Маалыматка ылайык, түнкү клубдар, ресторандар, коомдук тамактануучу жайлар, кафе, караоке-барлар саат 23:00 — 07:00 аралыгында жабык болушу керек.
Мындан сырткары шаардык транспорт башкармалыгына коомдук транспорттордо санитардык талаптардын сакталышын күчөтүү, текшерүүгө алуу тапшырылды.