У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


"Аким кылам деп 9 миң 700 доллар алган". Бишкек шаарында алдамчылыкка шектүү жаран кармалды


Бишкек шаарында алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-май күнү Октябрь райондук милициясына калаа тургуну арыз менен кайрылган. Анда март айынын башында чала таанышы арыз ээсине Ош облусунун райондорунун бирине аким болууга жардам берем деп 9 миң 700 доллар каражатын алып, из жашырып кеткенин жазган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-беренеси "алдамчылык" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогорудагы кылмыш ишине шектелип 1958-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Кийин сот анын баш коргоо чарасын карап СИЗО-1ге эки айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасын тандады. Учурда иликтөө иштери уланып жатат", - деп билдиришти райондук милициясынан.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter