У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


100 миң сомун алып, качып кеткен. Алдамчылыкка шектелип, Ош шаарынын тургуну кармалды


ИИМ алдоо жолу менен акча каражатын ээлеп алган факты боюнча Ош шаарынын жашоочусун кармады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Ош облусунун Ноокат районунун жашоочусу милицияга арыз менен кайрылып, алдоо жолу менен акча каражатын ээлеп алып, материалык зыян келтирген жаранга карата тиешелүү чараларды көрүп берүү суранычын билдирген. Тактап айтканда, 2020-жылдын күз айында чала таанышы анын ишенимине кирип 100 миң сом акча каражатын алган. Бир аз убакыт өткөндөн кийин дагы 5 миң сом алып, андан соң жолугушуулардан качып, изин жашырып кеткен.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Укукка каршы аракеттерди жасоого тиешеси бар жаранды тактоо жана кармоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чараларын ИИМдин аймактар аралык башкармалыгы жүргүзүшкөн.

Ушул жылдын март айында Ноокат районунун аймагынан Ош шаарынын жашоочусу 1983-жылы туулган М.З. кармалган. Аймактар аралык башкармалыгынын маалыматы боюнча, кармалган жаран мурда үч жолу соттолгон жана ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоосунда турат.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter