У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ноокенде май тартып бараткан унаа оодарылып кетип, 15 тонна солярка жолго төгүлдү


Ноокен районунун Бүргөндү айылында май ташуучу автоунаа оодарылып кетип, 15 тонна солярка жолго төгүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

"Бишкек — Ош унаа жолунун болжол менен 497-чакырымында, тагыраагы, Бүргөндү айылында 35 тонна күйүүчү май ташып келе жаткан бензовоздун айдоочусу рулга ээ боло албай, автоунаа оодарылып кеткен. Анын ичинен 15 тоннасы жолго төгүлгөн. Калган күйүүчү майды ээси башка унаага куюп алып кеткен", — деп айтылат билдирүүдө.

Жерине коопсуздукту сактоо максатында өрт өчүрүүчүлөр тартылган. Бактыга жараша, өрт чыккан эмес. Окуядан жабыркагандар да болгон жок.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter