У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Чүй ОИИББи: "Балдар үйүндө каза болгон баланын денесинде зомбулуктун белгилери байкалган эмес"


1-июнда Военно-Антоновка балдар үйүнүн 12 жаштагы тарбиялануучусу Игорь Якунин каза болгон. Ал ур-токмоктон улам көз жумушу мүмкүн деген алдын ала версия бар экенин "Балдардын укугун коргоочулар лигасы" коомдук фондунун жетекчиси айтып чыккан.

Өспүрүмдүн өлүмүн аныктоо боюнча тиешелүу экспертизалар дайындалды. Бул туурасында Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Окуя тууралуу билдирүү Сокулук РИИБине 1-июнда келип түшкөн. Анда интернаттын 6-классынын окуучусу И.Я. саат 21:45 чамасында уктоочу бөлмөдө эс-учун жоготуп, эсине келбей каза болгону кабарланган.

"Өспүрүм ооруканага жеткирилип, ал жерден каза болгону аныкталган. Баланын денесине сырттан кароо жүргүзүлүп, зомбулуктун белгилери байкалган эмес. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталып, өлүмдүн себебин аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалган. Окуянын себептери такталууда", - дешти басма сөз кызматынан.




Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter