Жети-Өгүздө ур-токмоктон үч жашар бала чарчап калды
- 26.05.2021, 13:25,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда үч жашар бала ур-токмоктон улам каза болду. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
«15-майда аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнөн Жети-Өгүз районунун ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө билдирүү келип түшкөн. Анда саат 12.32 чамасында Кызыл-Суу айылынын тургундары, 38 жаштагы М.Д. жана 33 жаштагы М.Г. денесинде көгала тактар бар, эс-учун жоготкон абалда үч жаштагы баланы ооруканага алып келишти. Ал жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, ошол жерде эсине келбей көз жумду», - деп билдиришти милициядан.
Факт КЖБРине "Сабоо" беренеси боюнча катталган. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Соттук-медициналык экспертизанын баштапкы маалыматтарга ылайык, наристенин баш сөөгү жабыркаган.
Алдын ала маалыматтарга караганда, баланы апасы кудачасына калтырып, Орусияга иштегени кеткен. Баланын сабалышына шектелип кармалган кудачасы эки айга камакка алынды. Ал баланын талмасы кармап, тепкичтен кулап кеткенин айткан.