У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


2021-жылдын аягына чейин 5G технологиясын ишке киргизүү пландалууда


 2021-жылдын аягына чейин 5G тармагы Кыргызстанда сыноо түрүндө ишке киргизилет. Бул тууралуу бүгүн, 10-июндагы маалымат жыйында Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Байланыш мамлекеттик агенттигинин директору Талант Калыков билдирди.
 
“2021-жылдын аягына чейин Кыргызстанда 5G пилоттук тармагы ишке киргизилет. Азыр айрым адамдар 5G коронавирустун жайылышына себеп болууда деп айтып жатышат. Бирок 5G станцияларынын ден соолукка эч кандай зыяны жок экени далилдеген», -деди ал.  
 
Ошондой эле Калыков 4G тармагы айрым аймактарда сапаттуу иштебей жатканын, андыктан учурда 5G технологиясына анализдер жүргүзүлө баштаганын кошумчалады.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter