У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Карантиндин 5-күнүндө күйөөсү аялын өлтүрдү, окуя Британияда катталды


Британиянын Кумбран шаарынын тургуну карантин убагында аялынын өлүмүнө шектүү катары кармалды. 27-марттын түнүндө Кумбран шаарындагы кылмыштуу окуя тууралуу жергиликтүү полицияга кабар түшкөн. Аталган шаардын 67 жаштагы тургунунун жансыз денесин коңшулары өз үйүнөн табышкан. Аял башынан алган оор жаракатынан улам көз жумгандыгы айтылды. Аялдын өлүмүнө шектүү катары анын өмүрлүк жубайы Энтони Уилльямс кармалды. Ал жубайы менен 45 жылдан бери бирге өмүр сүрүп келген. 

Уилльямстын коңшулары мындай окуяга ишене албай турушканын айтышкан жана кылмыштуу окуянын катталуусуна карантин таасир берди деп божомолдошкон. "Карантин убагында элдин көбү стресс, депрессия менен жашап жатышат. Бир эле Уилльямстын үй-бүлөсүндө эмес, ар бирибиздин үйүбүздө күнүмдүк майда-чүйдөдөн эле уруш-талаш көбөйүүдө", - дейт коңшуларынын бири. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter