Кытайдан алган гранттын эсебинен Бишкек шаарынын жаңы конуштарында жол салуу иштери жүргүзүлүүдө
- 07.06.2021, 10:57,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бишкек шаарынын жаңы конуштарында жол салуу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, ж
алпысынан быйыл 44 көчөнү, ал эми 2022-жылы 16 көчөнү бүтүрүү пландалууда."Капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматына ылайык, борбор калаада Кытай Эл Республикасынын өкмөтүнөн алган гранттын эсебинен "Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун экинчи этабында жолдорду оңдоо иштери улантылууда.Азыр Арча-Бешик, Ак-Өргө, Ак-Ордо, Жеңиш, Ак-Босого, Эне-Сай, Ак-Тилек, Учкун жана Ынтымак конуштарында жалпы узундугу 26 чакырым болгон жолдорду куруу иштери жүрүп жатат. Долбоордун экинчи этабында калк жашаган аймактарда 34,1 чакырым жол курулат. Жалпысынан быйыл 44 көчөнү, ал эми 2022-жылы 16 көчөнү бүтүрүү пландалууда. Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү боюнча долбоордун экинчи этабы эки жылга созулат. Бул убакытта 5 көпүрө куруу жана жалпы узундугу 70 чакырымдан ашык 60 көчөнү оңдоо, 130 чакырым тротуар куруу, 46 миң ирригациялык лотокторду алмаштыруу пландалууда", - деп жазылат маалыматта.