Коопсуздук кеңеши: "Чек арадагы кырдаал көзөмөлдө, мамлекеттик органдар абалды күнү-түнү байкап турушат"
- 05.06.2021, 12:42,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Коопсуздук кеңешинин катчылыгы азыркы учурда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги абал салыштырмалуу туруктуу экенин билдирет.
Маалым болгондой, аталган катчылык бул багытта тартылган күч органдарынын, жергиликтүү бийлик органдарынын ишин координациялоодо.
"Чек арадагы кырдаал көзөмөлдө, тартылган мамлекеттик органдар абалды күнү-түнү байкап турушат. Жарандардан келип жаткан көптөгөн кайрылууларга байланыштуу Коопсуздук кеңешинин катчылыгы учурда тынчсызданууга негиз жок экендигин баса белгилейт.Түзүлгөн кырдаалды бир гана тынчтык жана сүйлөшүү жолу менен чечүү боюнча иш-аракеттер улантылууда", - дешти президенттик аппараттын маалымат кызматынан.