Учурда Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу
- 01.05.2021, 23:06,
- Саясат
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчылыгы 1-май күнү кечки саат 22:00гө карата Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик бөлүгүндө абал туруктуу экендигин билдирди.
«Кыргызстан менен Тажикстандын коргоо министрликтеринин өкүлдөрүнүн ортосунда жумушчу жолугушуу болуп өттү. Жолугушуунун жыйынтыгында, туруктуу жайгаштырыла турган жерлерге күчтөрдүн жана каражаттардын чыгарылышын көзөмөлдөө үчүн биргелешкен жумушчу топ түзүлдү. Биргелешкен жумушчу топтун иши 2021-жылдын 2-майында Кыргызстан убактысы боюнча саат 08.00дөн (Тажикстан убактысы боюнча 07.00) башталат. Кырдаал өлкө президенти Садыр Жапаровдун көзөмөлүндө»,-деп жазылат маалыматта.