7 адам көз жумуп, 400гө чукул киши коронавирус менен ооруп калды
- 04.06.2021, 10:51,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргызстанда соңку суткада 383 адамдан коронавирус табылып,
7 адам көз жумду. Ал эми 320 бейтап сакайып кетти. Бул туурасында Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Оору жуктуруп алгандардын саны:- Бишкек шаары – 177;
- Ош шаары – 38;
- Чүй облусу – 78;
- Ош облусу — 20;
- Талас облусу – 4;
- Нарын облусу – 10;
- Ысык-Кёл облусу – 28;
- Жалал-Абад облусу – 22;
- Баткен облусу – 6.
Ооруну жеңип, айыгып чыккандардын саны:- Бишкек шаары – 161;
- Ош шаары – 16;
- Чүй облусу – 87;
- Талас облусу – 2;
- Нарын облусу – 14;
- Исык-Кёл облусу – 28;
- Жалал-Абад облусу – 9;
- Баткен облусу – 3.
Ал эми учурда стационарда 1 678, ал эми амбулатордук дарыланууда 1 888 бейтап жатат.
Ооруканада жаткандардын ичинен 458 адам орточо оор, ал эми 105 киши өтө оор абалда экени айтылды.