Сутка ичинде 2 бейтап вирустан көз жумду, 162 адамдан аныкталды, 124 бейтап айыкты
- 20.01.2021, 10:53,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргызстанда акыркы суткада 2 адам вирусту жеңе албай көз жумду. 162 адамдан коронавирус чыкты, ал эми 124 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдын берген маалыматында айтылат.
Бир сутка ичинде COVID-19 жаңы учурлар:- Бишкек — 46;
- Ош — 11;
- Чүй облусу — 72;
- Ош облусу — 2;
- Талас облусу — 1;
- Нарын облусу — 2;
- Ысык-Көл облусу — 24;
- Жалал-Абад облусу — 2;
- Баткен облусу — 2.
Жалпысынан Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 83 430га жетти.
Өткөн сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:- Бишкек — 62;
- Ош шаары — 4;
- Чүй облусу — 28;
- Ош облусу — 6;
- Талас облусу — 1;
- Нарын облусу — 6;
- Ысык-Көл облусу — 13;
- Жалал-Абад облусу — 4;
- Баткен облусу — 0.
Ушуну менен жугуштуу ооруну 79 373 киши жеңди.
Тилекке каршы, кечээ Бишкектен эки бейтап оорудан каза болду. Коронавирус пандемиясы Кыргызстанда жалпы 1 392 кишинин өмүрүн алды.
Учурда стационарда 726 бейтап дарыланууда. Анын 12синин канааттандырарлык, 449у орточо, 225и оор, ал эми 40ы өтө оор абалда. Амбулатордук дарыланууда 1010 бейтап бар.