Чек ара тынч эмес! Түндө тажик тарап кыргыз жерине кирип келишти
- 04.06.2021, 09:51,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасында абал кайрадан чыңалды. Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашкандай, Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Унжу-Булак айылында бүгүн, 4-июнда саат 03:00дө Тажиктер Кыргыз жергесинин аймагына кирип келишти.
"Тажик тарап түнкү саат 03:00дө Кыргыз жергесинин аймагына кирип, Чоң-Алай районунун Унжу-Булак аймагындагы чек аранын сүрөттөлө элек тилкесине контейнер коюшту. Саат 06:00гө карата тажиктер орнотулган контейнерден 600 метр алыстап кетишти. Кыргыз тарап кырдаалды эки мамлекеттин чек ара өкүлдөрүнүн деңгээлинде жөнгө салуу боюнча чараларды көрүп жатат, бирок Тажикстандын чек ара өкүлдөрү телефон чалууларга жооп бербей жатышат. Мамлекеттик чек ара кызматы күчөтүлгөн режимде иштөөгө өттү", - дешти мекемеден.