Global Education Foundation фонду 5 мектеп бүтүрүүчүсүн Америка жана Европага окууга жөнөтүү үчүн сынак жарыялады. Бул тууралуу аталган фонддун негиздөөчүлөрүнүн бири Хабиб Арзыкулов «Маралга» билдирди.
Сынактын негизинде 5 бүтүрүүчү тандалып алынып, АКШ, Европага окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Бардык чыгымы фонд тарабынан каржыланат.
Сынакка катышуучулар үчүн бир канча шарттары бар:
-11-класстын бүтүрүүчүсү болуусу керек;
-TOEFL 70тен, IELTS 6.0, Duolingo 90 баллдан көп болушу шарт;
-билим алуу үчүн каржылык жардамга муктаж болушу керек.
Сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөр www.gef.kg сайты аркылуу кабыл алынат.
Белгилей кетсек, GEF — кыргызстандык мектеп бүтүрүүчүлөрүн чет өлкөдө акысыз окутуу үчүн түзүлгөн фонд.