260 миң сом төлөйт. Бишкектин мурдагы вице-мэри Азиз Алымкуловго карата сот өкүмү чыкты
- 28.05.2021, 14:17,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри
Азиз Алымкулов күнөөлүү деп табылып, ага мамлекеттин бюджетине 260 миң сом төлөө милдеттендирилди. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Биринчи Май райондук сотунун 2021-жылдын 26-майындагы өкүмү менен Алымкулов А.Э. Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылып, VI категориядагы айып пул, 2600 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, башкача айтканда, мамлекеттин кирешесине 260 миң сом төлөө милдеттендирилди", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.Азиз Алымкулов кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган делинип, 31-мартта кармалган.