У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жогорку сот музей жана ипподром иштери боюнча чыккан өкүмдү жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөттү


 Жогорку сот Тарых музейин оңдоо жана Чолпон-Ата шаарындагы ипподромду реконструкциялоо боюнча козголгон кылмыш иши боюнча Биринчи май райондук жана Бишкек шаардык сотторунун өкүмүн жокко чыгарды. Бул тууралуу аталган иштерге күнөөлүү деп табылган тараптын жактоочулары маалымат каражаттарына билдирди.
 
Маалыматка ылайык, буга чейин экс-премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочусу Жогорку сотко кассациялык арыз жазып, ишти жаңы сот жараянына жөнөтүүнү суранган. Адвокаттардын өтүнүчү канааттандырылды.
 
Эске салсак, борбордун Биринчи Май райондук соту экс-премьер-министр Сапар Исаковду Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин «Коррупция» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 18 жылга эркинен ажыраткан. Ал мамлекетке 247 миллион 650 миң 281 сом төлөө чечими чыккан. 
 
Президенттик администрациянын Жарандык өнүгүү, диний жана этникалык саясат бөлүмүнүн  мурдагы башчысы Мира Карыбаева  Кылмыш-жаза кодексинин «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, мамлекетке 260 миң сом айып пул төлөөгө милдеттендирилген.  Бишкек шаардык соту бул чечимди күчүндө калтырган эле. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter