Чек арадагы жаңжалда курман болгон үч жоокерге "Эрдик" медалы ыйгарылды
- 28.05.2021, 12:56,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатакта курман болгон үч чек арачыны "Эрдик" медалы менен сыйлоо жарлыгына кол койгонун маалымат кызматы кабарлады.
- Аскердик парзын аткарууда көрсөткөн каармандыгы жана эрдиги үчүн төмөнкү аскер кызматчылары курман болгондон кийин сыйланды:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын капитаны Кубанычбеков Эсентур Кубанычбекович;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын капитаны Манасбек уулу Нурсултан;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын прапорщиги Юлдашев Бекзодбек Давлатбекович.