Бүгүн 376 киши вирус жугузуп, 8 бейтап көз жумду
- 27.05.2021, 10:26,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бир суткада 376 кишиден коронавирус табылып, 386 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, илдет жуктургандардын көбү дагы деле Бишкек менен Чүй облусунда.
Жуктургандар:- Бишкек шаары – 238;
- Ош шаары – 17;
- Чүй облусу – 66;
- Ош облусу — 14;
- Талас обласу – 4;
- Нарын облусу – 5;
- Ысык-Көл облусу – 21;
- Жалал-Абад облусу – 9;
- Баткен облусу – 2.
Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 103 583кө жетти.
Айыккандар:- Бишкек шаары – 271;
- Ош шаары – 9;
- Чүй облусу – 67;
- Ош облусу – 3;
- Талас облусу – 2;
- Нарын облусу – 13;
- Ысык-Көл облусу – 10;
- Жалал-Абад облусу – 11.
Бир сутка ичинде
сегиз бейтап коронавирустан каза тапкан. Бишкек менен Чүйдөн үчтөн, Ысык-Көл менен Нарын облустарынан бирден бейтап көз жумду. Өлүм учурларынын жалпы саны 1 781ге жетти.
Азыркы учурда 1 614 киши ооруканада дарыланып жатканы айтылды. Бир сутка ичинде 5 386 киши ПЦР-анализ тапшырган.