У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Роза Отунбаеванын фонду чек ара чырында жабыр тарткан 70 окуучу, 20 мугалимди Ысык-Көлдө эс алдырат


"Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык фонду, "Жетиген" эл аралык лагери 27-майдан 6-июнга чейин Ысык-Көлдө 10 күндүк эс алуу уюштурууда.

Ага Баткендеги чек ара чырынан жабыркаган 70 бала, 20 аял мугалим барат.
Бул тууралуу "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык фонду маалымдады. Тогуз жаштан 17 жашка чейинки балдар Ысык-Көлдөгү "Өзгөрүү шамалы" аттуу лагерде эс алат.

Иш-чаранын максаты - чек арада жашап, иштеген аял мугалимдер менен балдарга арт-терапия, психологиялык кеңештер менен психологиялык жардам көрсөтүү.
Эс алуу маалында байыркы петроглифтер жайгашкан ачык асман алдындагы музейге, "Рух Ордо" маданий борборуна акысыз экскурсиялар уюштурулат.

28-29-30-апрелдеги жана 1-майдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду, 180ден ашуун адам жараат алды. 100дөн ашык турак жай, имараттар талкаланып, өрттөлдү.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter