Ноокатта 21 жаштагы жигитти 2 киши өлтүрүп, өзү айдап жүргөн унаанын багажына салып коюшкан
- 24.05.2021, 11:11,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Ош облусунун Ноокат районунда дайынсыз болуп жоголуп изделип жаткан 21 жаштагы жарандын жансыз денеси өзү айдап жүргөн унаасынын багажынан табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
23-май күнү Ноокат районунун Алашан айылынын тургуну Ноокат РИИБине 21 жаштагы иниси 21-май күнү Деу-Ласетти үлгүсүндөгү унаасын үйүнөн айдап чыгып кеткен боюнча дайынсыз жок болуп жаткандыгын билдирип арыз менен кайрылган.
Аталган арыз Ноокат РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестирине катталып, териштирүү башталган.
Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө 23-май күнү дайынсыз жоголгон жарандын унаасы Көк-Жар айылында жайгашкан «Ака-Үка» чайканасынын короосунда токтоп турган жеринен табылган. Унаага кароо жүргүзүү учурунда багаждан дайынсыз жоголгон жарандын жансыз денеси табылган. Жансыз денеге сырттан кароо жүргүзгөн учурда күч колдонуп өлтүрүлгөндүгү белгилүү болгон.
Тергөө учурунда шектүү катары 20 жаштагы
Т.Ж. жана 17 жаштагы
Т.А. кармалып тергөө кызматына камсыздалган. Эмне себептен өлтүргөндүн тактоо максатында тийиштүү ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүп, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилгени жазылат маалыматта.